super.kg logo

Пакистандын экс-премьер-министри Имран Хан камакка алынды

 

Кечээ, 9-майда Пакистандын экс-премьер-министри Имран Хан камакка алынды. Мындан улам өлкөдө башаламандык башталганын чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, Имран Хандын жактоочулары менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда кагылышуу орун алган. Анын кесепетинен бир адам мерт кетти.

Өлкөнүн Карачи, Лахор жана Фейсалабад шаарларында тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Исламабад менен Пешаварда экс-премьердин тарапташтары көчөлөрдү тосуп алышкан.
Аталган шаарларда нааразылыкка чыккандар полициянын унааларын өрттөп, мамлекеттик мүлккө зыян келтиргени айтылды.

Белгилүү болгондой, Имран Хан улуттук казынага зыян келтиргени үчүн камакка алынган. Бирок ал өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: