super.kg logo

Украина КМШ президенттеринин Москвага барышын сындап чыкты

 

Москва шаарындагы Кызыл аянтта өткөн иш-чарага Армения, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын лидерлеринин катышуусу Украинада достукка жатпаган кадам катары бааланат. Мындай маалымат Украинанын тышкы иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.

"Биз бул чет мамлекеттердин жетекчилеринин коомдук иш-чарага катышуусун Украинага карата достукка жатпаган кадам, украин элин жек көрүүнүн көрүнүшү деп эсептейбиз", - деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда билдирүүдө Москвадагы салтанатка катышкан Беларустун президенти Александр Лукашенко жөнүндө сөз болгон эмес.

9-майда Москвага КМШнын дээрлик бардык өлкөлөрүнүн: Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын (КМШга мүчө мамлекеттер) жана Өзбекстандын жетекчилери барышкан. Лидерлер Кызыл аянттагы борбордук трибунадан Жеңиш парадын көрүп, андан соң Александр бакчасындагы белгисиз солдаттын мүрзөсүнө гүл коюшкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: