5 миң жыл мурун пайда болгон Түркиянын Бурса шаарына саякат
Осмон империясынын борбор шаарларына саякатыбызды улантабыз. Өткөндө Билежик аймагына саякат жасаганбыз. Бул жолу Бурсага саякаттайбыз.
Бурса – Түркиянын түндүк-батыш бөлүгүндөгү кооз мегаполис. Сөгүт Осмон бийлигинин алгачкы борбору болсо, Бурса улуу Осмон империясынын биринчи борбор шаары. Бул шаардагы тарыхый жана маданий мурастар Осмон дооруна таандык. Бул аймак 5000 жыл мурун пайда болгон. Бурса пляждык курорт эмес, бул жерде пляждар жок. Бирок 2014-жылы шаар ЮНЕСКО тарабынан Осмон империясынын кичи мекени катары таанылып, туристтердин көңүлүн бурган. Шаар даамдуу шабдаалы, жогорку сапаттагы жибек кездемелери жана каштан жемишинин көптүгү менен белгилүү. Шаарда тарыхый мечиттер, күмбөз, чептин урандылары жана көптөгөн музейлер сакталып калган. Бурсага барганда сөзсүз бара турган жерлерин айта берсе тизме узун, сиздерге биз барган маданий жерлерин гана баяндайбыз.
"Улу жами" мечити – байыркы селжук архитектурасынын эң сонун үлгүсү
Алгач эле шаардын борборундагы “Улу жами” мечитине баш бактык. Бул мечит 14-кылымдагы байыркы селжук архитектурасынын эң сонун үлгүсү. Ал алгачкы мечиттерден 20дай куполдун болушу менен айырмаланат. Дегеле бул мусулмандар үчүн ыйык жерде көптөгөн кызыктуу нюанстар бар. Маселен, даарат алуучу фонтан короонун ичинде эмес, имараттын так ортосунда жайгашкан. “Улу жами” мечитинин ички жасалгасы көз жоосун алат. Дубалдары кооз каллиграфиялык жазуулар менен кооздолгон.
Базарда биздегидей эле соодалашсаңыз болот
Мечиттен чыгып эле “Гранд базарына” кирдик. “Гранд жабык базары” шаардын негизги салттуу базары болуп саналат. Ал алгач 1335-жылы курулган, бирок 19-кылымда жер титирөөдө жарым-жартылай талкаланып, кайра калыбына келтирилген. Базардан кийим-кече, колго жасалган буюмдар, зер буюмдар, антиквариат, сувенирлер жана башкаларды таба аласыз. Биздегидей эле соодагерлер менен кенен-кесири соодалаша бериңиз, соодалашуу алардын да жазылбаган “салты”.
Жибек базарынын (Коза хан) аймагынан Улуу Жибек Жолу өткөн
Бурсага келген көптөгөн тажрыйбалуу саякатчылар чыгыш колоритинен ырахат алуу үчүн дароо уникалдуу жибек базарына шашышат. Бул «Коза хан» базары Баязид IIнин буйругу менен 1490-жылы тургузулган. Ал мечиттин кирешесин көбөйтүү максатында курулган базар болгон. Осмон империясынын доорунда базардын аймагы аркылуу атактуу Улуу Жибек Жолу өткөн, а азыр бул жерге көптөгөн соода павильондору коюлуп, анда ар кандай табитке жана капчыкка ылайыктуу жибек буюмдары сатылат. Бул жерге бир гана соода кылуу үчүн эмес, жөн гана экскурсия кылып же тамактануу үчүн барсаңыз да болот.
Бурса – искендер кебабынын мекени
Искендер кебабынын даамын татып көрдүңүз беле? Ммм... Дал ушул Бурса шаары искендер кебабынын мекени. Бул азык Бурса аймагындагы эң белгилүү тамактардын бири. Ал грилде бышкан козу этинен жука тууралып, лавашка салынып, ачуу томат соусу, койдун сүтүнөн жасалган май жана айран менен берилет. Искендер кебабына Улудаг тоосунун этектериндеги тимьян менен азыктанган койдун этин алышат. Тамактын аталышы 19-кылымдын аягында Бурсада жашаган ойлоп табуучу Искендер Эфендинин атынан коюлган. Тамактын тарыхы 1867-жылы жергиликтүү базардан башталат.

