super.kg logo

Азербайжанда машыгууда баланын өлтүрүлүшү: Машыктыруучу  күнөөнү моюнуна алган жок

 

Азербайжанда 7 жаштагы баланын өлүмүнө айыпталган машыктыруучу Мехман Халилов өз адистиги боюнча билим алган эмес. Бул тууралуу Азербайжандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Самбо боюнча Азербайжан курама командасынын башкы машыктыруучусу Ягуб Абдуллаевдин айтымында, Халиловдун самбо боюнча квалификациясы жок.

"Мен көптөн бери спорт академиясында сабак берип келем. Менин билишимче ал 2012-2016-жылдары биздин университетте окуган. Бирок, ушул мезгилдин ичинде мен ага самбо боюнча бир да жолу сабак берген эмесмин. Ал дзюдо боюнча адистикке ээ болгон. Ошол себептен самбо менен катар дзюдо боюнча мелдештерге да катышкан", - деген ал.

Өз кезегинде Сумгаит шаардык прокуратурасы Халилов шектүү катары гана кармалганын билдирди. Халилов баланын өлүмү боюнча күнөөнү моюнуна албай тургандыгын айткан.

Буга чейин Азербайжандын Сумгаит шаарында дзюдо жана самбо боюнча машыктыруучу, Европа оюндарынын коло байгесинин ээси Мехман Халилов өз тарбиялануучусу болгон жети жаштагы баланы сабап өлтүргөндүгү кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: