Чүйдө суу берилбей, кулпунайлар куурап жатканы боюнча тийиштүү мекеме жооп берди
Буга чейин ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылынын дыйкандары кайрылып, суу берилбей, кулпунайлар куурап жатканын айтышкан.
Анда "200 гектардан ашык жерге суу келбей дыйкандардын мээнети текке кетип, кулпунайлар куурап жатат. Айыл өкмөт башчыга кайрылсак, мөңгү эрибей жатат деген шылтоону айтууда" дешкен тургундар.
Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгы аталган айылдын дыйкандарына бүгүн суу берилгенин маалымдашты.
"Аламүдүн районунда эки: Ала-Арча, Аламүдүн дарыясы бар. Аба ырайы суук болгонуна байланыштуу дарыяларда суунун көлөмү аз болуп жатат. Бүгүнкү күндө Аламүдүн дарыясында бир метр куб суу бар. Буга чейин 3 айыл өкмөткө бөлүп берип жатканбыз. Бүгүн айыл өкмөт башчылары жана эл менен жолугуп, суу айлантууну сунуштадык. Макул болушту. Бүгүн биринчи Кара-Жыгач айыл өкмөтүнө суу берип жатабыз. Дарыяда суу көбөйгөнчө ушул ыкманы колдонуп турабыз" деп билдиришти мекемеден.

