Бокс: Кыргыз мушкери тажикстандыкты утуп тарых жаратты
Бокс боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу Өзбекстанда өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чыкты.
Дүйнө чемпиондугуна 57 килограммга чейинки салмак ченинде катышкан Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыгуу үчүн тажикстандык Асрор Вохидовду жеңип алды. Эми финалга чыгуу үчүн ал рингдин ээси, Өзбекстандын өкүлү Абдумалик Халоков менен беттешет.
Муну менен Мунарбек Сейитбек уулу Кыргызстандын тарыхында бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда жарым финалга чыккан алгачкы боксчу болду. Анын жарым финалга чыгуусу жок эле дегенде коло медаль бар дегенди билдирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
patriot.kg94

10.05.2023. 18:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик
Agayu

11.05.2023. 01:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бокс жакшы нерсе , бирок боксермун деп момундарды бокстай берген жаман !
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.