super.kg logo

Бишкекте кыргыз-француз саясий консультациялары өттү

 

Бишкекте Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Франциянын Европа жана тышкы иштер министрлигинин ортосунда кыргыз-француз саясий консультациялары болуп өттү деп билдирет ТИМдин маалымат кызматы.



Кыргыз делегациясын Тышкы иштер министрлигинин Үчүнчү саясий департаментинин директору Бакыт Жусупов, француз делегациясынын Франциянын Тышкы иштер министрлигинин Континенталдык Европа департаментинин директорунун орун басары Сильвен Гиоге жетектешти.



Консультациялардын жүрүшүндө маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык талкууланды. Тараптар бийик жана жогорку деңгээлдеги өз ара визиттерди уюштуруу аркылуу эки тараптуу саясий диалогду өнүктүрүүгө өз ара ниеттерин ырасташты.



Пикир алмашуунун жүрүшүндө экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тактап айтканда, 2023-жылы бизнес-форумду уюштуруу, ошондой эле Кыргызстан менен Франциянын ортосунда энергетика, туризм жана суу чарба тармагында кызматташтыкты түзүү боюнча биргелешкен иштердин зарылдыгы белгиленди.



Борбордук Азиянын алкагындагы өз ара аракеттенүү, ошондой эле ЕБ аркылуу кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.



Тараптар БУУ, ЕККУ жана ЮНЕСКО сыяктуу эл аралык структураларда тышкы саясий тыгыз координациялоону улантууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.


Тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн бардык спектри боюнча ачык жана өз ара урматтоого негизделген диалогду улантуу ниетин тастыкташты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: