super.kg logo

Ошто эки көчөнүн кесилишине жөө адамдар өтүүчү өтмөк курулат (фото)

 

Ош шаарынын Масалиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишинде үстү жабык жөө адамдар өтүүчү өтмөк курула баштайт. Бул тууралуу Ош мэриясы кабарлады.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Масалиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишиндеги үстү жабык жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн курулуш долбоору менен таанышкан. Анын алкагында калаа башчысы техникалык кеңешме өткөрдү.

Аны менен катар долбоор боюнча тиешелүү кызматтардын жетекчилеринен тийиштүү маалыматтар алынды.

Ош шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына караганда, учурда долбоорду даярдоо иштери аяктап, тиешелүү долбоордук-сметалык документтери бүтүп, тендер өттү.

Андан сырткары шаар башчысы бардык кызматтарга долбоорду ишке ашырууга керектүү жардамдарды жана көмөк көрсөтүүнү тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: