Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде ысык суу берилбейт
Бүгүн, 11-майда Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан айрым турак жайларга ысык суу берилбейт. Буга оңдоп-түзөө иштери себеп болгонун "Бишкек жылуулук тармагы" мекемесинен билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүн саат 9:00дөн 16:00гө чейин төмөнкү даректерде ысык суу болбойт: Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү №8, 10, 14, 16, 18, 20 көп кабаттуу үйлөрдө, Минин жана Пожарский көчөсүндөгү турак жайларда.
Мекеме убактылуу келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-07-06
16:05
2025-07-05

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.