super.kg logo

Үмүт жаңы конушунун тургундары жагымсыз жыттан жапа чегип жатканын айтышат

 

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородное айыл аймагындагы Үмүт жаңы конушунун тургундары айылдагы жагымсыз жытка нааразы болушту.

ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылган жергиликтүү тургундар конушта тери иштеткен ишкананын, мал союучу жайлардын жыты күнү-түнү аймакты каптап турарын белгилешти.

"Тери иштеткен ишкана, желим иштеткен ишкана, мал сарайлардын жыты күнү-түнү дебей жыттанат. Кимге кайрылышты билбей калдык. Айыл өкмөт эч нерсени чечпейт. Эшик-терезени ача албай калдык. Балдарды тышка ойното албайбыз" дешет тургундар.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.


кошулду





Үмүт жаңы конушунун тургундары жагымсыз жыттан жапа чегип жатканын айтышат

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: