Сакыт кызы Мээрим: "Экзотикалык жаныбарлар кичинекей кезинен колдо багылгандыктан, кадимкидей эркелешет" (Фоторепортаж)



Экзотикалык жаныбарлар үчүн шарт түзүүдө ар биринин жашоо чөйрөсү эске алынган

Жашыл игуана. Аты - Яша. Түштүк Африкада жана нымдуу токойлордо жашайт. Узундугу 1,8 метрге чейин жетет.

Көк тилдүү сцинк. Чөлдөрдө жашайт. Чегирткелер менен тамактанат.

Бакча удавы. Жырткыч жаныбарлардын катарына кирет. Узундугу 2,5 метрге чейин жетет.


Йемен хамелеону эки көзү бири-биринен көз каранды эмес жана карама-каршы багытты карап көрө алат. Тили денесинин узундугунан эки эсеге узун.

Плащтуу кескелдирик. Коргонуу үчүн плащын жаят.

Падыша жыланы. Узундугу 1,5-2 метрге чейин жетет.

Мас сымал эублефар. Чегирткелер менен тамактанат. Кечки жашоо образында жашайт.


Тоту куш. Аты Гоша. Сүйлөгөндү билет.

Тоту куш. Аны Кирюша деп чакырышат. Таруу, буудай, ашкабактын данектери менен тамактанат.

Тоту куш. Какаду. Бийлегенди, эркелеткенди жакшы көрөт. Таруу, буудай, ашкабактын данектери менен тамактанат.

Тоту куш Риша жаңыдан сүйлөгөндү үйрөнүп жатат.

Экзотикалык көргөзмөгө балыктар да коюлган.

Экзотикалык көргөзмөгө балыктар да коюлган.

Жөнөкөй игрункалар. Маймылдын бир түрү. Мөмө-жемиштер менен тамактанат. Бул игрунка 3 жашта. Кыргызстанга 1,5 ай мурун алып келинген. Колдон тамак жегенди жаңыдан үйрөнүп жатышат.

Жөнөкөй игрункалар. Маймылдын бир түрү. Мөмө-жемиштер менен тамактанат. Бул игрунка 3 жашта. Кыргызстанга 1,5 ай мурун алып келинген. Колдон тамак жегенди жаңыдан үйрөнүп жатышат.

Мадагаскар геккону.

Чымчык жегич жөргөмүш.
Азыркы тапта Бишкекте экзотикалык жаныбарлардын көргөзмөсү өтүп жатат. Мындан кескелдирик, жылан, жөргөмүш, чаян, тоту куш, маймыл сыяктуу жаныбарларды көрүүгө болот. Жаныбарлар Түштүк Америка, Австралия, Малайзия жана Түштүк Африкадан алынып келинген. Уюштуруучулардын бири Сакыт кызы Мээримдин айтымында, бардык жаныбарлар өз-өзүнчө кам көрүүнү талап кылат.
кошулду
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Фото: Айпери Ганыжан кызы
"Биз кээ бир жаныбарларга ат коюп алганбыз. Кээде эркелетип аттарынан чакырабыз. Ар бири өзүнчө сүйүп, кам көрүүнү талап кылат. Маселен, бул игуананын аты - Яша. Ал жалкоо жаныбарлардын бири болгондуктан, дайыма эле бир ордунда жата берет. Тамак жеп, кайра ордуна барып алат. Бизди таанып калган. Терисин сыласаң, кадимкидей сезет, эркелейт. Башкалар кармаса же жакындаса дароо сезет. Ысык чөйрөдө жашагандыктан, айланасына ошондой шарт түзүп бергенбиз",- деди ал.
Кээ бир экзотикалык жаныбарларга тамак жумасына 2-3 жолу берилсе, айрымдары күн сайын тамак талап кылышат. Кескелдириктер үчүн чегирткелер, тоту куштарга ашкабактын данектери жана маймылдарга мөмө-жемиштер берилерин кошумчалап өттү.
"Жыландарга келемиштерди беребиз. Муну уккандар "Биз жашаган жерлерде келемиштер көп жашайт. Кармап келсек болот турбайбы?" дешет. Негизи жаныбарларга туш келген нерсени бербейбиз. Алар үчүн атайын тамак даярдайбыз. Келемиштерди да багабыз ушулар үчүн. Ветеринарлардын текшерүүсүнөн өтүп турушат",- деди Мээрим Сакыт кызы. Көргөзмө "Россия" кинотеатрында 20-октябрдан тартып 30-декабрга чейин күн сайын саат 11:00дөн тартып иштейт.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
6

