Быйыл республика боюнча 167 окуучу артыкчылык аттестатын алат

Быйыл "Алтын тамга" артыкчылык аттестатын 167 бүтүрүүчү алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, "Алтын тамга" тестирлөөсүнө республика боюнча 2 миңдей 11-класстын окуучусу катышып, алардын 167си артыкчылык аттестатын алуу укугун тастыктады.
Алар:
- Баткен облусу – 14 окуучу
- Бишкек шаары – 76 окуучу
- Жалал-Абад облусу – 10 окуучу
- Нарын облусу – 6 окуучу
- Ош шаары – 8 окуучу
- Ош облусу – 20 окуучу
- Талас облусу – 5 окуучу
- Чүй облусу – 21 окуучу
- Ысык-Көл облусу – 7 окуучу
Белгилей кетсек, тестирлөө 2023-жылы 25-апрелде өткөрүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.