super.kg logo

Сузакта 3 адамдын өмүрүн алган кырсык: Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди 

 
Сузакта 3 адам каза болгон жол кырсыгына шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, 2023-жылы 28-апрелде саат 14:50 чамасында Сузак районунун аймагында Деу-Нексия жана Мерседес-Бенц унааларынын катышуусундагы жол кырсыгы катталган. Натыйжада Деу-Нексия унаасындагы 3 жүргүнчү каза болуп, айдоочу ооруканага жаткырылган.
"Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБинин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.
Жол кырсыгына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында Мерседес-Бенц унаасынын айдоочусу, Сузак районунун тургуну 1990-жылы туулган Э.Н. убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: