super.kg logo

"Издөөдө жүргөн". Ошто тургундардын унааларын сатып акчасын бербей жүргөн жаран кармалды

 
Ошто тургундардын унааларын сатып акчасын бербей изин жашырып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы маалымдайт.
"Шектүү Ноокат районунун 1997-жылы туулган тургуну З. Достонбек кармалды. Ал 2022-жылдан бери издөөдө жүргөн. Ага карата 2022-жылы 22-декабрда Ош шаардык соту тарабынан камакка алуу боюнча сырттан өкүм чыккан", - деп айтылат маалыматта.
Шектүү Ош шаарынын жана Ош облусунун аймактарынын тургундарына таандык кымбат баалуу автоунааларды "кымбат сатып берем" деп алып, саткан соӊ акчасын ээсине бербестен изин жашырып кеткен. 4 жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган, бирок жабырлануучулар мындан дагы көп болушу мүмкүн.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, 209-берене (алдамчылык) боюнча тергөө иштери уланууда.
Жабыр тарткан жарандар болсо Ош шаардык милициясынын 03222-4-25-36 жана 0550-89-89-24 номерине кайрылса болот.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.05.2023. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бунча сакал менен не десе болот еми буга коргон адам ишенетта анан еки созунун бирин алла алла деп ишендирсе керек еле буга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: