super.kg logo

Өлкөдө электр энергиясынын тарифи жыл сайын өзгөрүп турары айтылды

 

Өлкөдө электр энергиясынын тарифи жыл сайын өзгөрүп турат. Бул тууралуу "Улуттук энергохолдинг" мекемесинин жетекчиси Талайбек Байгазиев брифингде билдирди.

"Быйыл электр жарыгына болгон тариф (мурункусу 700 кВт'га чейин 0,77 тыйын) 23 тыйынга жогорулады. 700 кВт'тан жогору мурункудай эле 2 сом 16 тыйын бойдон калат. Аркы жылдары электр жарыгына көп кымбаттуу болбойт, бирок инфляцияга жараша болот. Мисалы, 1 сомдук тарифке 10 пайыз болсо, 10 тыйын кошулат. Муну инфлекциянын индексине байлайбыз.

Бул каражатка энергетика тармагында реконструкция, жаңы жабдыктарды алып келип монтаж кылуу жумуштарына жумшалат. Көп жылдан бери тариф саясатына көңүл бурулбай, тариф көбөйсө эл көтөрүлөт, төңкөрүш болот деп мурунку жетекчилер коркуп, тарифти кармап келген. Энергосектор ушунун туткуну болуп калган. Суунун, жол кире, таштандынын баасындай эле бул дагы көтөрүлүшү керек" деди ал.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 1-майынан тарта калк үчүн электр энергиясынын баасы (мурункусу 0,77 тыйын) 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түзгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: