super.kg logo
  Саясат  

Төрөбай Зулпукаров: "Кырсыкка күнөөлүү айдоочуларды 15 жылга чейин эркинен ажыратуу керек"

 
"Кыргызстанда жол жүрүү эрежесин бузган айдоочуларга айып пулдун өлчөмүн көтөрүш керек". Мындай пикирди бүгүн ЖКнын Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров билдирди. Жол эрежесин бузгандарга айып салуу маселеси 2008-жылдан бери карала электигин айткан депутат "айдоочулар мас абалында рулга отуруудан коркушпайт. Адам өлүмүнө алып келген кырсыкка күнөөлүү айдоочуну 10-15 жылга эркинен ажыратууну сунуштайм. Учурда бул көрсөткүч 7-10 жыл деп көрсөтүлгөн. Айып пулду да 15тен 90 эсептик көрсөткүчкө чейин (9 миң сом) жогорулатууну сунуштайм",- деди ал.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: