super.kg logo

"Унаа" мекемесинин Кара-Буура-Манас секторунун мурдагы башчысы кармалды (фото)

 

"Унаа" мамлекеттик мекемесинин Кара-Буура-Манас секторунун мурдагы башчысы менен адиси акчалай сыйлык үчүн тестирлөөгө жардам бергени үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Талас регионалдык бөлүмүнүн Кара-Буура-Манас секторунун кызмат адамдарынын жана А.Кошонов атындагы Кара-Буура райондук унаа мектебинин мугалимдеринин коррупциялык схемасы аныкталды.

"Кара-Буура районундагы "Унаа" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери жана унаа мектептин айрым мугалимдери акчалай сыйлык үчүн кээ бир жарандарга жол кыймылынын эрежелерин билүүсү боюнча компьютердик тестирлөөдөн өтүүгө электрондук суроолорго туура жооп берүүгө көмөк көрсөткөндүгү аныкталды.

Бул факты боюнча аталган мекеменин Кара-Буура Манас секторунун мурдагы башчысы А.Т. жана адиси Д.Н. кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: