super.kg logo

Ошто Кыргызстан айым-режиссёрлорунун V кинофорумунун ачылыш аземи өттү

 

Ош шаарында бүгүн Кыргызстан айым-режиссёрлорунун V кинофорумунун ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалыматында айтылат.

Быйылкы кинофорум советтик кыргыз режиссёр айымы Лиля Турусбекованын 90 жылдыгына арналат.

Анын алкагында Лиля Турусбекова тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, Түркиядан, Кореядан жана Казакстандан келген кинематографисттер тарабынан мастер-класстар өткөрүлдү.

Иш-чаранын экинчи күнүндө, 12-майда “Семетей” кинотеатрында кинофорумдун 14 катышуучусунун тасмалары көрсөтүлүп, талкуулар уюштурулат.

Ошондой эле айым-режиссёрлор көрүүчүлөр менен жолугушат. 13-майда кинофорум салтанаттуу түрдө жабылат.

14-май күнү “Семетей” кинотеатрында режиссёр Жаңыл Жусупжандын “Үркөр, үркөр, үч жылдыз, үркүп кайда барасың” аттуу даректүү тасмасынын бет ачары болот.

Даректүү тасма Кыргызстан менен Франциянын орток өндүрүшүнүн негизинде тартылган. Кинофорумдун жүрүшүндө Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан келген 14 аял режиссёрлук кылган кыска метраждуу, даректүү жана көркөм тасмалары көрсөтүлмөкчү.

Мындан сырткары, Корея Республикасы, Түркия жана Казакстандын адистери менен семинарларды, ата мекендик кинорежиссёрлордун катышуусунда талкууларды өткөрүү пландалууда.

Белгилей кетсек, V Кинофорум Швейцария өкмөтүнүн, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин каржылык колдоосу, Ош мамлекеттик университетинин жана Ош шаардык мэриясынын көмөгү менен өткөрүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: