Орунбеков: "Жетим-Тоону 100 пайыз өзүбүз иштетебиз"

Жетим-Тоо кенин Кыргызстан өз алдынча иштетет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Facebook баракчасына билдирди.
Анын айтымында, социалдык тармактарда министрлер кабинети Жетим-Тоо кенин Кытайга карызды төлөө үчүн берүү чечимин кабыл алды деген такталбаган маалыматтар тарап жатат.
"Жетим-Тоонун баарын 100 пайыз иштетебиз. Бир дагы пайызын эч кимге бербейбиз. Өнүктүрүүнүн каржы булагы такталып бүттү, мамлекет жергиликтүү тургундарды жумушка ала турган металлургиялык завод куруп берет. Бул долбоорго бир чет элдик компания жолобойт. Жетим-Тоо кени бизге Кумтөргө караганда көбүрөөк киреше алып келүүгө кудуреттүү. Учурда геологиялык чалгындоо иштери жүрүп жатат, аяктагандан кийин иштетүү башталат", - деп жазган Дайырбеков.
Ал жалган маалымат тараткандыгы үчүн жоопкерчиликти эске салды.



1 |