super.kg logo

Сузакта эгиз балдар жаткан үйгө чагылган түшкөн окуя: Балдардын апасы президенттен жардам сурады

 

Эсиңиздерде болсо, 8-апрелде Жалал-Абад облусунун Кара-Инген айылындагы турак үйгө чагылган түшүп, эгиз балдар терезеден качып чыкканы кабарланган. Балдардын апасы Маралкан Садыкова окуя тууралуу айтып, коомчулуктан жардам сурады.

Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кара-Инген айылынын тургуну, 9 баланын энеси Садыкова 43 жашта. Ал үйүнө чагылган түшкөн учурда Орусияда болгонун айтат.

"2022-жылы сентябрь айында Орусияга кеткем. 14 жаштагы эгиз балдарымды кайниме, 2 кичинекей кызымды дагы башка туугандарыма таштап кеткем. Жакында эле кыздарым кыйналып кеткендиктен аларды Орусияга алдыргам. Эгиз балдарым кайнимдин үйүндө жашап, үйгө баш-көз болуп жаткан. 8-апрелде эгиздерим кайнимдин баласы менен үйүбүзгө жатышкан экен. Ошол учурда чагылган түшүп, өрт чыкканда ойгонуп терезеден качып чыгышыптыр. Аны угуп, дароо келе алган жокмун. 21-апрелде гана Кыргызстанга учуп келдим. Келгенден бери ден соолугума байланыштуу ооруканалап жүрөм" деп билдирди ал.

Мындан тышкары 2016-жылы жолдошу менен эки ара жолго түшүп, балдарын жалгыз тарбиялап келерин баса белгилеп өттү.

"9 балам бар. Алардын ичинен 3 балам өз алдынча үй-бүлөлөрү менен түтүн буулатып келет. 4 балам мектепте билим алышат. Мамлекет тарабынан берилген жөлөк пул албайм деле. Анткени аны алыш үчүн үйдүн документи керектелет экен. Үйүмдүн документи дагы жок. Себеби үй жер көчкү түшүү коркунучу бар аймакта жайгашкан.

Азыр балдарым ар жерде чачыранды болуп жашап жатат. Эгиздерим кайнимдин үйүндө, кыздарым таенесинин колунда жүрүп жатат. Жакында ӨКМдан чатыр алып тигип, балдарымды чогултайын деп турам.

Мамлекет тарабынан жер бөлүнүп, там-таш курап, балдарым менен коопсуз аймакта жашасам дейм. 4 балам жөлөк пул чыгартып, аларды окутсам" деген изги тилегин айтты.

Баатыр эне коопсуз аймактан үй алып, балдарынын кашында өмүр сүрүүнү көксөйт. Буга байланыштуу Садыкова президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып жардам сурады.






Видео

Сузакта чагылган түшүп, эгиз балдар терезеден качып чыккан окуя

Сузакта чагылган түшүп, эгиз балдар терезеден качып чыккан окуя

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.05.2023. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колунда бар байларга акчалууларга мамлекеттен уй машина акчалай белектер берилген учурлар бар ошол акчаларды уйлорду элдин жашоосу мн таанышып колунда жок уйу жок жалгыз бой энелерге берсе болмок... Каяктагы гейлерге 29миллион доллар болуп жатышат алар олсо олуп кетпейби ушуга окшогон кыйналгандарга жардам берсин мамлекет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: