Эдил Байсалов Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүү боюнча билдирүү жасады
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Конституцияга өлүм жазасын киргизүүгө өкмөт каршы экенин билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Өлүм жазасын алып салуу - бул элдик добуш берүү менен бир нече жолу тастыкталган негизги конституциялык норма. Бул убактылуу мораторий эмес, аң-сезимдүү тандоо! Министрлер кабинети Конституцияны мындай импульсивдүү демилгелерден активдүү коргойт", - деп жазды Байсалов.
Буга чейин Жогорку Кеңештин "Элдик" депутаттык тобу Баш мыйзамды өзгөртүү мыйзам долбооруна корутундуу алуу үчүн Конституциялык сотко кайрылганы белгилүү болгон. 61 депутаттан турган топ референдум өткөрүп, педофилдерге өлүм жазасын киргизүүнү сунуштоодо.
Белгилей кетсек, учурда Конституция өлүм жазасына тыюу салат. Конституцияда айыпталуучуга берилген эң жогорку жаза - бул өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы.





1 |