super.kg logo
  Саясат  

Баткен облусунда мыйзамсыз иштетилген 35 көмүр кени жабылды

 
Баткен облусунда мыйзамсыз иштетилген 35 көмүр кени жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Баткен облусу боюнча өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлү Жеңиш Раззаков билдирген. 
Анын айтымында, жергиликтүү бийлик органдары менен милиция кызматкерлери текшерүү жүргүзүп, мыйзамсыз казылып жаткан 35 көмүр кенин табышкан. Аларды жергиликтүү тургундар иштетип жүргөн. Учурда буга тиешелүү адамдарга эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүрүүдө.
Жеңиш Раззаков “Мурун кен казуунун эрежеси толук сакталбагандыгына байланыштуу анда иштеп жаткан үч адам урандылардын астында калып калган. Ошондон улам ушундай чара көрүүдөбүз” деди өз сөзүндө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: