super.kg logo

Ошто кармалган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн көп сандаган курал-жарактар табылды

 

Ошто кармалган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн көп сандаган курал-жарактар табылды. Бул туурасында SUPER.KG порталына Ички иштер министрлинен билдиришти.

Ош шаарындагы акча алмаштыруучу жайды карактап, Кара-Суу районунда автоунаага ок чыгарган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганы тууралуу маалымат бир күн мурда тараган.

Эки учурда тең кылмыш ири өлчөмдөгү акчаны алуу максатында жасалган.

Кармалгандардын арасында Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары бар. Шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүү учурунда көп сандагы ок атуучу куралдар, анын ичинде автоматтар, снайпердик мылтыктар, пулемёттор, тапанчалар, ок-дарылар, гранаталар табылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Кармалгандардын арасында аялдар да бар. Өзбекстандын жараны, Наманган облусунун тургуну 1987-жылы туулган У.С. (аял киши) Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн (алдын ала маалыматтар боюнча, ал бир нече жыл мурда Тажикстан аркылуу өлкөгө кирген).

Ал кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн биринин аялы болот. Ал башка бирөөнүн документин колдонуп жүргөн. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош шаарында жашаган жеринен отуз жети жаштагы Кыргызстандын жаранынын атына даярдалган паспорт табылган.

Жогорудагы бардык фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.05.2023. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бут баарын кармап сурап олтурбай ошол жерден ит аткандай атып салса болмок экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: