super.kg logo

Кочкор-Атада 42 окуучу белгисиз затка ууланды

 

Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарында 42 окуучу белгисиз затка ууланган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалымдалгандай, окуя ушул жылдын 11-майында №15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектебинде болгон.

"Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын буйругунун негизинде медицина кызматкерлери тарабынан саат 13.00дө 6-7-8-класстардын 100дөй окуучусуна лекция окулган. Саат 13.30дар чамасында лекцияга катышып жаткан окуучулардын арасынан 3-4 окуучу өзүн жаман сезип, эс-учун жогото баштаган", - деп айтылат билдирүүдө.

Мындан улам, мугалимдер “Тез жардам” кызматын чакырып, окуучулар Кочкор-Ата жалпы дарыгердик практикалык борборуна жеткирилген. Анын ичинен 14 бала үйүнө чыгарылып, 28 окуучу дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Учурда окуучулардын абалы туруктуу.

Учурда тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Жергиликтүү администрациянын жана оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун көрсөтмөсүнө ылайык, 12-майдагы сабактар 20-майга, 13-майдагы сабактар 25-майга жылдырылды. 12-13-май күндөрү мектепти дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт.

Аталган мектепте жалпы 1132 окуучу бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: