super.kg logo

Быйыл 204 мектеп жана 49 бала бакча курулат

 

Жыл аягына чейин республика боюнча 204 мектеп жана 49 бала бакчанын курулушун аяктоо пландаштырылууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Боз-Бармак айылында жалпы орто билим берүү мектебинин курулушуна капсула салуу иш-чарасында билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлайт.

“Бул мектептин бүтүрүүчүлөрү келечекте чыгаан окумуштуу, дарыгер, инженер, жазуучу болуп чыгып, өлкөбүзгө дүйнөлүк атак-даңк алып келет деп ишенем”, - деди Жапаров.

Маалыматка ылайык, аталган мектептин курулушу күзгө чейин бүтөт.

Белгилей кетсек, бул мектептин ачылышы менен 3 чакырымдан ашуун алыс жайгашкан коңшу айылда буга чейин билим алып келген мектеп жашындагы балдарды камтууга шарт түзөт.

Андан ары Жапаров Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы ичүүчү суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоонун жүрүшү менен таанышты.

Белгилей кетсек, райондун жашоочулары ичүүчү суунун жоктугу боюнча бир нече ирет кайрылышкан, ага байланыштуу ичүүчү суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоого республикалык бюджеттен 68 миллион сом бөлүү чечими кабыл алынган.

Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан 200 метр тереңдиктеги артезиан скважинасы казылып жатат, оңдоо иштери аяктагандан кийин 4 500дөн ашуун адам таза суу менен камсыз болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.05.2023. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Садыр Жапаров президент болуп келгенден бери оңолуп калды мамлекет
14.05.2023. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мектеп бала бакча салына баштады мунун баары Президент жасап жатат Алга Садыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: