Ошто Дүйнөлүк эпостордун эл аралык VII фестивалы өтөт

Ош шаарында Дүйнөлүк эпостордун эл аралык VII фестивалы өтөт. Ага 30га жакын өлкөнүн көрүнүктүү өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Белгиленгендей, иш-чара ушул жылдын 17-21-май күндөрү өтүп, анын алкагында “Мыкты семетейчи”, “Мыкты дастанчы”, “Мыкты Кыргыз боз үйү”, “Саркеч көчмөн” жана “Кадырлуу каада салт” сынактары уюштурулат.
Маданий долбоор бул жылы Кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана Казак элининин улуу жазуучусу Муктар Ауэзовдун 125 жылдыгына арналат.
Эл аралык иш-чара КР президенти тарабынан колдоого алынып, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана “Арт-Араба” коомдук фонду тарабынан өткөрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.