Мамлекеттик Дума Лукашенконун оорусу тууралуу үн катты
Мамлекеттик Думанын КМШ иштери боюнча комитетинин жетекчисинин биринчи орун басары Константин Затулин "Подъем" порталына Беларусь лидери Александр Лукашенконун ооруп жатканын биле турганын айтып, бирок диагнозун атаган жок.
"Ал жерде табияттан тышкаркы эч нерсе жок, бул ковид эмес. Болгону ал адам ооруп калган. Адам ооруп калганына карабай, Москвага келүүнү өзүнүн милдети деп эсептеген, андан кийин ошол эле күнү кечинде Минскиде иш-чараларды өткөргөн. Болгону ага бир аз эс алуу керек болсо керек", - деген Затулин.
Лукашенконун басма сөз кызматы президенттин оорусу тууралуу азырынча эч нерсе деп үн ката элек.
Эске салсак, Лукашенконун эл алдына мурдагыдай көп чыкпай калышы көпчүлүктү тынчсыздандырган. Акыркы жолу Беларустун башчысы эл алдына 9-майда чыккан. Анда ал эртең менен Москвадагы Кызыл аянттагы парадда болуп, шашылыш түрдө Минскиге учуп кеткен. Беларустун маалымат каражаттары Лукашенконун келбетинин соо эместигине жана Александр бакчасына жөө баса албаганына көңүл бурду. Ошондой эле башка президенттер жөө барган гүл коюу аземине Лукашенко электромобиль менен барган.

