super.kg logo

"Апа, мени алып кетиңизчи". Өзбекстанда аялынан өч алуу үчүн балдарын сабаган жаран кармалды

 

Коңшу Өзбекстанда аялынан өч алуу үчүн балдарын сабап, кыйноого алган жаран кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, ал таарыныша кеткен аялынан өч алуу үчүн уктап жаткан наристени башка тээп, андан кийин ток зымы менен муунткан.

Ал кыйнап жаткан кызын видеого тарткан маалда кызы "Апа, мени алып кетиңизчи" деп ыйлаган.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, 2022-жылдын сентябрь айында Ташкент облусунун Янгиюль районунда 30 жаштагы А.Н. үй-бүлөлүк пикир келишпестиктен улам эки жашар наристени такай кыйнап, сабап келген. Анын баарын аялынан өч алуу максатында телефонго тартып алган.

13-майда Янгиюль РИИБнин тергөө бөлүмү жашы жете элек кызды кыйноого алган жаранга кылмыш ишин козгоду. Бул кылмышы үчүн ал 360 сааттан 480 саатка чейинки мөөнөткө милдеттүү коомдук жумуштарга же 2 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасын алат.

Учурда ал кармалып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Иш Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын көзөмөлүнө алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.05.2023. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындай акмактарды камап отурбайле түз эле элдин алдында асып салыш керек
15.05.2023. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге эртелеп окудум экен(((. Эркек башы мн периштеге кол которгон( мээрим тогуп, кызыны остуруп оркундотуп оч алса болмок(.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: