super.kg logo

Айза Улан кызынын өлүмүнө шектүү 2 айга камалды

 

ИИМдин академиясынын курсанты Айза Улан кызынын жол кырсыгынан каза болгон окуяга шектелип кармалган У.Э.Н. эки айга камалды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту 13-майда чыгарды.

Маалыматка ылайык, айыпталуучу Жазаларды аткаруу кызматынын 21-мекемесинде кармалат.

"Биринчи Май райондук сотунун 13-майындагы токтому менен Бишкек шаарынын прокуратурасынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылды. Айыпталуучу У.Э.Н.ге карата бөгөт коюу чарасы катары тергөө мөөнөтүнө, башкача айтканда 10-июлга чейин камакка алуу түрү колдонулган" деп жазылат соттун маалыматында.

Буга чейин бул иш боюнча ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери, учурдагы шектүү У.Э.Н. аттуу жарандын атасы У.Н.А. аттуу жаран кармалып, бирок анын оорусуна байланыштуу сот аны үй камагына чыгарган.

Белгилей кетсек, 24 жаштагы ИИМдин академиясынын студенти Айза Улан кызын 9-январда шаардагы көчөлөрдүн биринде унаа коюп кетип, жеринде каза тапкан. Кылмышка шектүү окуя болгон жерден из жашырып, 3 күндөн кийин кармалган. Ал мурдагы милиция кызматкери экендиги маалымдалган.

12-майда жол кырсыкка шектүү У.Э.Н. кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: