super.kg logo
  Саясат  

Парламент: Жоомарт Оторбаев депутаттардын “ур-тепкисинде” калды

 

Парламенттин 11-декабрдагы жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевди ашкере сындап, эмоцияга алдырды. “Өкмөттүн өкүлү келип билимим жок деп отурганы эмне деген шумдук?! Билимиңиз жок болсо эмне отурасыз, кетиңиз. Кантип иштеп жүрөсүңөр билимиңер жок болсо? Анда баарын саткыла да, кеткиле баарыңар”,- деди Сулайманов. Жоомарт Оторбаев “газ тармагы боюнча тажрыйбам жок экенин айткам” деди эле, башка депутаттар да анын сөзүн бутага алышты.   

Кожобек Рыспаев “Жоомарт мырза, “колумдан келбейт” деген сөздү аз колдонсоңуз. Кыргыздар бул сөздү жаман көрүшөт. Андан көрө каржылык мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү. Көп иштер акчанын айынан жасалбай жатат десеңиз болмок”,- деди.

Башка депутаттар да пикир айтып калууга үлгүрүштү. Эскерте кетсек, жыйында "Кыргызгазды" Орусияга сатуу маселеси каралып жатат.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: