super.kg logo

Бишкекте 23 жаштагы жаран акча жана үй-мүлк опузалоого шектелүүдө

 

Ички иштер министрлиги опузалап акча жана үй-мүлк талап кылган шектүү жаран кармалганын кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын тургуну опузалап талап кылуу фактысы боюнча милицияга арыз менен кайрылган. Анда шектүү жаран 2022-жылдын август айынан бери жабырлануучуну жана анын үй-бүлөсүн коркутуп, өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирип, опузалап акча жана үй-мүлкүн талап кылып, кыймылсыз мүлкүн өзүнө каттатып берүү талабын коюп келген.

Териштирүүдө опузалап талап кылган адам жарандын эки үйүн тең өзүнө каттатып алуу аракетин көргөнү аныкталды.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Жогорудагы кылмышка шектелип 2000-жылы туулган У.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Шектүүгө таандык Лексус үлгүсүндөгү унааны тинтүү учурунда Макаров тапанчасына окшош ок атуучу курал менен 13 даана ок табылган.

Ошондой эле тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн үйүнөн снайпердик ок атуучу курал, Сайга үлгүсүндөгү ок атуучу курал, эки тапанча, 7,62 калибрдеги 100 дөн ашык ок жана башка ок атуучу куралга таандык октор жана бычак табылган.

Учурда опузалап талап кылуу фактысы боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: