Бишкекте "Музейдеги түн" акциясы ѳткѳрүлѳт. Иш-чаранын программасы

Маалыматка ылайык, иш-чара саат 17.00дѳн – 22.00гѳ чейин болот.
Улуттук тарых музейинде бир эле мезгилде 70ке жакын иш-чара уюштурулат.
Анда музей кѳрүүчүлѳрү жана сүйүүчүлѳрү үчүн экспозиция залдарында тарыхый персонаждардын образдарын чагылдыруу, авиация моделдерин, турак жай макеттерин жасоо, улуттук оюндар, живопись жана скульптура жана башка түрдүү ѳнѳрлѳр боюнча мастер-класстар өтөт. Мындан тышкары дүйнѳ элдеринин маданий ѳзгѳчѳлүктѳрүн чагылдырган япон элинин оригамилери, кытайдын каллиграфиялык сулуу жазуу ыкмасы, чай ичүү церемониясы, индиянын пластикалык бийлери тартууланат.
"Иш-чаранын алкагында манасчылар, тѳкмѳ акындар, ырчылар жана бий-күү топторунун турган ѳнѳр адамдарынын кызыктуу концерттик программасы, Коргоо министрлигинин аскердик оркестринин салтанаттуу жүрүш ѳнѳрү жана “Аталар изи” коомдук фондусунун кыргыз улуттук кийимдеринин этно-модасы кѳрсѳтүлѳт.
Уз чеберлер кыргыздын салттуу элечек ороо, кыздын чачын ѳрүү, ийик ийүү сыяктуу эзелки элдик ѳнѳрлѳрүн кѳрүүчүлѳргѳ үйрѳтѳт. Улуттук баш кийимдердин жаңыланган түрлѳрү менен таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлѳт.
Атайын салтанаттуу жыйындар залында Балдардын жана ѳспүрүмдѳрдүн Улуттук “Сейтек” борборунун жана Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын улуттук борборлору тарабынан элдердин ынтымагын бекемдѳѳгѳ арналган концерттик номурлары аткарылып, жаратылышты коргоо боюнча тасма кѳрсѳтүлүп, викториналар ойнотулат" деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:06
2025-07-09

18:43
2025-07-09
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.