Бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик сынактарынын датасы белгилүү болду
9-класстын жана 11-класстын окуучулары беш предмет боюнча аттестациядан өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
9-класстын окуучулары 2-19-июнь күндөрү 5 предметтен, анын ичинен 4 милдеттүү жана 1 тандоо боюнча аттестациядан өтөт. Алар:
2-июнь – математика/алгебра, комплекстүү тест жазуу түрүндө;
7-июнь – эне тилинен, дилбаяндын элементтери менен баяндама;
12-июнь – кыргыз тилинен (орус, өзбек жана тажик тилинде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, комплекстүү тест жазуу түрүндө);
15-июну – Кыргызстандын тарыхы, оозеки;
Тандалган предмет боюнча (сабакты (сабактарды) тереңдетип окуткан мектеп - лицейлер, мектеп - гимназиялар, окуу - тарбиялык комплекстер, эксперименттик аянтчасы бар мектептер үчүн профилдик предмет боюнча базалык көлөмдөн тышкары өтүлгөн темаларын, бөлүмдөрүн эске алуу менен кошумча сынакты жана анын өткөрүү убактысын жалпы билим берүү уюму өз алдынча белгилейт).
11-класстын окуучулары 2-20-июнь күндөрү 5 предметтен, анын ичинен 4 милдеттүү жана 1 тандоо боюнча аттестациядан өтөт. Алар:
2-июнь – эне тили жана адабияты, эссе;
7-июнь – математика/алгебра, комплекстүү тест жазуу түрүндө;
12-июнь – Кыргызстандын тарыхы, оозеки;
16-июнь – кыргыз тили (орус, өзбек жана тажик тилдеринде окутулган класстарда) жана/же орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, комплекстүү тест жазуу түрүндө).
Тандалган предметтер боюнча (сабакты (сабактарды) тереңдетип окуткан мектеп-лицейлер, мектеп-гимназиялар, окуу-тарбиялык комплекстер, эксперименттик аянтчасы бар мектептер үчүн профилдик предмет боюнча базалык көлөмдөн тышкары өтүлгөн темаларын, бөлүмдөрүн эске алуу менен кошумча сынакты жана анын өткөрүү убактысын жалпы билим берүү уюму өз алдынча белгилейт).
15-майдан 24-майга чейин 9- жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү үчүн сабактан тышкаркы убакта дене тарбия предмети боюнча зачёт өткөрүлөт.
Жазуу түрүндɵ өткөрүлүүчү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы саат 9.00дɵ башталат.

