Бишкектеги жер мунапысы: Дээрлик 2 миң арыз кабыл алынды



Бүгүн, 15-майда Бишкектин Ленин районунун акими Мураталы Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында Жерге мунапыс берүү боюнча комиссиянын кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ленин райондук комиссиясы тарабынан жер тилкелери боюнча 55 материал каралып, анын ичинен 4 жер тилкеси Бишкек шаарынын мэриясынын жеке турак жай куруу жана шаар куруу департаменти менен тактап иштеп чыгуу үчүн жиберилген, 18 материалга жер участогуна жеке менчик укугу ыйгарылган.
Ал эми 33 материал жалпы тизме менен жер тилкесинин чек арасын аныктоо жана шаар куруу корутундусун иштеп чыгуу үчүн "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик мекемесине жиберилди.
"Учурда Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу жана шаар куруу департаменти тарабынан документтерди кабыл алуу иштери уланууда", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле бүгүнкү күнгө карата 1 885 арыз кабыл алынганы кошумчаланды.
