Анталияда ири өрт чыкты. Өрттү өчүрүүгө тик учак келди (фото)





Түркиянын Анталия шаарындагы портто жайгашкан кайык жана яхта чыгарган кеме куруучу заводдо ири өрт чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, объекттин ичинде химиялык заттар бар болгондуктан маал-маалы менен жардыруу үндөрү угулуп турганы өрттү татаалданткан. Жумушчулар кеме куруучу жайдан эвакуацияланды.
Өрттү өчүрүүгө тик учак дагы тартылып, өрт өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен шаардын ар кайсы райондорун кара түтүн каптаган.
Өрттүн чыгышына электр зымдарындагы көйгөй себеп болушу мүмкүн. Окуянын кесепетинен жабыркагандар такталып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.