super.kg logo

"Прокурорго өмүр тилейт окшойбуз". Каза болгон прокурорлорго 21 миллион сом берилери талкууга түштү

 

Чаткал районунда иш учурунда каза болгон прокурор Бакирдин Жанузаковдун үй-бүлөсүнө төлөнө турган 21 миллион сом кенемте талкууга түштү.

15-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева мыйзамга ылайык иш учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөсүнө кенемте төлөнөрүн айтты.

Буга депутаттар таң калып жатканын билдиришти. Депутат Камила Талиева мектепке 5 миллион сом ала албай жатканын айтты.

"Ушундай чыгымдарга түткөн мамлекеттин казынасына дагы баракелде! Биз мектепке 5 миллион сом таппай, ала албай жатабыз. Албетте, мыйзам бул мыйзам. Болгону таң калып жатам да. Мамлекеттин эмес бул элдин акчасы, бюджет элдин акчасы да", - деди Талиева.

Өз кезегинде Надира Нарматова сот менен прокуратура кызматкерлери мыйзамды өздөрүнө ылайыктап жазып алганын айтты.

"Айтпайын десең ичиң күйөт, айтпай койсоң дагы болбойт. Өзү прокуратура менен сот органдары мыйзамдарды өзүнө тууралап алган. Азыркы сумманы угуп эсиң оойт да, прокурор болуп туруп өлгүң келет да чындыгында. Эми прокурорлордун өмүрүн тилейт окшойбуз эмне болсо да аман жүрсүн деп. Бул жерде туура эмес жактары көп, булар пенсияга чыкканы үчүн эле миллион сом алат экен. Айтсаң жаман көрүнөсүң", - деди Нарматова.






Каза болгон прокурорлорго 21 миллион сом берилери талкууга түштү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
16.05.2023. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Параны алганы аз келгенсип, кайтыш болгондода пара берет экен.
16.05.2023. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болбойт мунунар. Мамлекет учун согушуп жатып олгондор да мынча алган жок э.
17.05.2023. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талкуулап,талкуулап,анан кайра эле 21 млн.ду төлөмөй болушту
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: