super.kg logo

Бишкекте үй тибиндеги бала бакча ачууну каалагандар окуудан өтүүдө

 

Бишкек шаарында үй шартында бала бакча ачууну каалаган ишкер айымдар үчүн 10-майда окутуу башталды. Бул боюнча калаа бийлиги маалымат таратты.

Анда айтылгандай, аталган программа боюнча Ленин районунда 150дөн ашык, Биринчи Май районунда 90 аял каттоодо турат.

Ишкер аялдарды окутуу №8, 44, 81 жана 28 мектептердин базасында жүргүзүлөт.

Сабактарды саламаттыкты сактоо, өрт коопсуздугу боюнча атайын даярдалган тренерлер, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин педагогикалык курамы үч күн бою өткөрөт. Сабактардын аягында минималдуу шарттар менен үй тибиндеги бала бакча ачууга мүмкүндүк берген сертификаттар тапшырылат.

Белгилей өтсөк, долбоорго кызыккан ишкер айымдар шилтеме боюнча каттала алышат.

"Ошондой эле бул долбоордун алкагында окутуу уруксатсыз иштеп жаткан үйдөгү бала бакчаларды мыйзамдаштырууга шарт түзөрүн эскертебиз" дешти мэриядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: