Чүйдө Hyundai Porter унаасы бакты сүзүп, кыпчылып калган айдоочусу куткарылды (видео)

Кечээ, 15-май күнү кечки саат 21:00 чамасында Чүйдүн Аламүдүн районунун Алма-Ата көчөсүндө жолдун боюнда Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаанын ээси рулга ээ боло албай бакты сүзгөн. Натыйжада унаанын айдоочусунун буту кыпчылып чыга албай калган.
Чалуу болгон жерге ыкчам түрдө Бишкек шаарынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу барып, 1982-жылы туулган Н.К. аттуу жаранды гидравликалык шаймандар менен унаадан чыгарып, "Тез жардам" кызматына тапшырып беришкен.
Аталган жарандын абалы канааттандырарлык.
Чүйдө Hyundai Porter унаасы бакты сүзүп, кыпчылып калган айдоочусу куткарылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.