super.kg logo

Чүйдө каракчылыкка шектелип 3 жаран кармалды 

 

Аламүдүн районунда өспүрүмдүн телефонун күч колдонуп тартып алган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-майда А.М. аттуу аял милицияга кайрылган. Ал 9-майда Ак-Жар жаңы конушунда жашы жете элек уулуна күч колдонуп, 23 300 сом турган Redmi Note 11 Pro үлгүсүндөгү телефонун тартып алып изин жашырып кеткен балдарга чара көрүү өтүнүчүн айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектелип 2002-жылы туулган К.Э., 2004-жылы туулган К.Э. жана 2006-жылы туулган У.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө алар Ак-Жар конушундагы дагы бир тоноо фактысына тиешеси бар экени аныкталган.

Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: