"Карыздан кутулуу жана элге тынымсыз газ берүү үчүн “Кыргызгазды” сатып жатабыз”,- дейт депутат Курмантай Абдиев
“Кыргызгазды" 2 гана себеп менен сатып жатабыз. Биринчиси - ишкананын бардык карызынан кутулуу, экинчиси - элге үзгүлтүксүз газ берүү”. Муну бүгүн, 11-декабрда ЖКнын жыйынында депутат Курмантай Абдиев айтты. Жогорку Кеңеш келишимди колдоону көздөй бара жатканын айткан депутат “Кыргызгазды” карызга батыргандарды жоопко тартуу башкы орунда экенин билдирди. Абдиев бул маселе боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуш кылды.
Эскерте кетсек, жыйында мекеменин башчысы Тургунбек Кулмурзаев “Кыргызгаздын” карызга батышына күнөөлүүлөр боюнча прокуратура тергөө жүргүзүп жатканын айтты.
Ал эми мекеменин карызы 50 миллион доллар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
Рейтинг:
0

