super.kg logo

Ислам Каримовдун уулу аялын аёосуз сабап салды

 

Орусияда Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримовдун уулу аялын сабап салган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя Красногорск шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Пётр Каримов чыр-чатак учурунда аялы Юлия Сметанкинаны бир нече ирет уруп жиберген.

Аялы ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Ал эми Каримов милиция бөлүмүнө суракка алынып, кийин бошотулган.

Окуя боюнча иликтөө иштери уланууда. Маалым болгондой, мурдагы президенттин уулу азыр шектүү статусунда.

Дарыгерлер Каримовдун аялына ичинен жаракат алып, мээси чайкалып, кан кеткен деген диагноз коюшкан.

Белгилей кетсек, Пётр Каримов 1969-жылы туулган. Ал Ислам Каримовдун биринчи никеси Наталья Кучми экөөнүн тун уулу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: