super.kg logo

Кадамжайда социалдык тармакта экстремисттик материалдарды тараткан жаран кармалды

 

Кадамжайда социалдык тармак аркылуу диний экстремисттик материалдарды тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кадамжайда "Экстремист" операциясынын жүрүшүндө О. аттуу жаран өлкө аймагында тыюу салынган диний экстремисттик аудио материалдарды социалдык тармак аркылуу таратып жүргөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн.

Аталган факты Кадамжай РИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында Кадамжай районунун тургуну 23 жаштагы А.Б.нын социалдык тармактагы баракчасындагы аудио материалдар көчүрүлүп, экспертизага жөнөтүлгөн.

11-майда соттук-дин таануу экспертизанын жыйынтыгы изилдөөгө берилген аудио материалдар республика аймагында тыюу салынган "Өзбекстан исламий кыймылы" экстремисттик жана террористтик уюмуна таандык экендигин аныктаган.

Алынган фактылардын негизинде кармалган жаран Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүмү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: