super.kg logo

Чүйдө 26 жаштагы жигит жандандыруу бөлүмүнө түштү. Шектүү катары айылдашы кармалды

 
Москва районунда ден соолугуна оор залал келтирилген жаран ооруканага түшүп, бул окуяга шектүү болуп айылдашы кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 2023-жылдын 14-май күнү Москва райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө оор абалда, ден соолугуна оор залал келтирилген Мураке айылынын тургуну 1997-жылы туулган А.К. жеткрилгени тууралуу милицияга маалымат түшкөн.
Аталган окуя боюнча кылмыш-жаза кодексинин 130 беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө аракеттеринин натыйжасында бул кылмышка тиешеси бар болгон Мураке айылынын тургуну 1990-жылы туулган Р.Т. аттуу жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Тергөө учурунда, окуя боюнча кийинки жагдай такталды, 14-май күнү айыл четинде айылдаштар арак ичип олтуруп, мас абалында сөздөн сөз чыгып урушуп, шектүү Р.Т. жабырлануучуну бир нече жолу башка чаап, катуу сабап койгон.
Кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: