Армрестлинг: Кыргызстан Азия чемпиондугунда 21 алтын медаль жеңди
Армрестлинг боюнча курама команда Азия биринчилигинде 21 алтын байге багындырды. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.
"Ажман шаарында (БАЭ) өткөн армрестлинг боюнча Азия чемпиондугунда Кыргызстан курама командасы жалпы 21 алтын, 21 күмүш жана 16 коло медаль жеңди", - деп айтылат маалыматта.
Мелдеш 28-апрелден 4-майга чейин өткөнү жана ага 8 мамлекеттен спортчулар катышканы кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.