super.kg logo

Асема “Кыз кадыры” аттуу ырынын тарыхый клибинин презентациясын өткөрдү

 
Ырчы, актриса Асема Токтобекова 16-майда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде “Кыз кадыры” аттуу ырынын клибинин презентациясы өткөрдү.
Ырчы айымдын айтымында, клипти тартуу иштери үч жылга созулган.
“Кыз кадыры” ырымдын тарыхый клибин тартуу оңойго турган жок, ошондуктан тартуу иштери үч жылга созулуп кетти. Ортодо тарткым дагы келбей калды. Себеби клип Кыргызстандын булуң-бурчунан тартылып, тартуу үчүн тиешелүү документтер керектелет экен. Убактыбыздын көбү уруксат алууга кетип калды.
Жалпысынан клипке абдан көп киши тартылды. Канча каражат кеткени сыр бойдон калсын. Тартуу учурунда айыл аксакалынын боз үйүн талкалап алып, ээсине коркуп араң айттык. Ээси “Боз үй абдан эски болчу. Сенин клибиңде жакшы кадрга жарап берсе болду. Адам деле өтүп кетип жатпайбы, бул буюм эмне болуп калыптыр” деп бизди сүйүндүрдү.
Мага чейин деле аталган ырды көптөгөн ырчылар аткарып келишкен. Кыргыздын мен-мендеген аялдары кыздарыбыздын наркын, баркын, сулуулугун даңазалап келишет. Алардын катарында мен дагы өзүмдүн аз да болсо салымымды кошуп, "Кыз кадыры" аттуу тарыхый клибимди тартуулагым келди", - дейт ал.
Клиптин презентациясына Асема Токтобекованын жакындары, клипке тартылган каармандар, күйөрмандары жана сахналаш достору келди. Ырчы айым конокторго этно стилде кийинип келүүнү суранган. Анын суранычын эске алган коноктордун жарымы этно стилде кийинишип, эң мыктылары белектерге ээ болушту.
Презентациянын соңунда Асема Токтобекова Кыргыз аялдар конгрессинин медалы менен сыйланды.
Белгилей кетсек, клипке маркум актёр Азиз Мурадиллаев дагы катышкан. Ал клип көрсөтүлөр алдында бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерилди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: