Дмитриевкадагы атышуу: Күч органдарынын 2 кызматкери жарадар болду
Чүй облусунун Дмитриевка айылындагы ок атышуудан укук коргоо органдарынын эки кызматкери жарадар болду. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.
Билдирүүгө ылайык, ок атышуудан эки адам жарадар болгон. Алардын бири амбулатордук дарыланууга жөнөтүлсө, бирөөнү улуттук госпиталга алып келе жатышат.
Жаракат алгандардын экөө тең укук коргоо органдарынын кызматкерлери.
Бүгүн, 17-май күнү эртең менен Дмитриевка айылында атышуу болуп, айыл курчоого алынган. Кийинчерээк ИИМ атайын операция болгонун, анда куралдуу каршылык көрсөткөн террорчу жок кылынгандыгын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.