Дмитриевка айылында медресени басып алыштыбы? Муфтият билдирүү жасады

"Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында ок атышуу катталып, анда айрым басылмалар медресени курчап алды делген маалыматты таратышууда. Бул маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын расмий маалымдайбыз. Окуя Дмитриевка айылындагы «Зулкарнайн» кыздар медресеси менен айыл өкмөттүн ортосундагы имараттарда катталган. Ал эми медресенин студенттери коопсуз жайга көчүрүлүп, бул жаатта тиешелүү органдар иш алып барууда", - деп билдиришти Муфтияттан.
Муфтият жалпыга маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн такталган маалыматтарды гана таратууга чакырат.
Буга чейин бир катар жергиликтүү басылмалар Дмитриевка айылындагы ок атышууда медресе курчоого алынганын жазышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.