Дмитриевкадагы атышуу: Жарадар болгон кызматкерге операция жасалууда
Чүй облусунун Дмитриевка айылындагы ок атышуудан улам жарадар болгон укук коргоо органдарынын кызматкерине операция жасалып жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
"Ага учурда операция жасалып жатат. Ал эми жарадар болгон экинчи кызматкер амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн", - деп билдиришти министрликтен.
Бүгүн, 17-май күнү эртең менен Дмитриевка айылында атышуу болуп, айыл курчоого алынган. Кийинчерээк ИИМ атайын операция болгонун, анда куралдуу каршылык көрсөткөн террорчу жок кылынгандыгын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.