Ошто дүйнөлүк эпостордун эл аралык фестивалы расмий ачылат
Бүгүн, 17-майда Ош шаарында дүйнөлүк эпостордун эл аралык 7-фестивалы расмий ачылат. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, фестиваль Ош шаарынын борбордук аянтында өтөт.
Иш-чаранын программасы:
18:00 – Тынчтык боз үйүн тигүү "Түндүк көтөрүү" жөрөлгөсү;
18:30 - "Тушоо кесүү" салты;
18:40 - 20:00 – Рысбай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын Казакстан "Туран" фольклордук ансамблинин, элдик бий ансамблинин жана маданият, искусство өнөрпоздорунун концерти;
20:00 - VII Дүйнөлүк эпостордун эл аралык фестивалынын салтанаттуу ачылышы.
Белгилей кетсек, иш-чаранын жүрүшү "ЭлТР" мамлекеттик телерадиокомпаниясында түз эфирде көрсөтүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















