Бишкекте жаңы эксперимент башталган. Аны бир жумага жетпей өрттөп кетишти



Бишкек шаарынын мэриясынын "Тазалык" муниципалдык ишканасы борбор калаада жаңы экспериментин баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Тактап айтканда, Чортеков көчөсүндөгү бардык таштанды челектери жаңы түскө боёлуп, баннерлер илинип, контейнердик жайлардын периметрине таман таштар төшөлдү.
Бирок, бир жумага жетпей Чортеков-Күйүкова көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштанды урнаны, баннерди өрттөп кетишкен. Ишкана кайрадан аянтчаны калыбына келтирди.
Борбор калаанын мэриясы шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун муниципалдык менчикке аяр мамиле кылууга чакырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:9
2025-07-10
12:15
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.